Бишкектеги батирлердин биринен 24 жаштагы кыздын денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
"Куткаруучулар Бишкек шаарынын Сыдыков көчөсүндө жайгашкан батирлердин бириндеги бекилип калган эшикти ачышканда, ичинен 1997-жылы туулган К.К. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылган.
Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Эшик ачууга Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган",- деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн