“Дордой” базарынын соодагерлери 30-ноябрда митингге чыгышты. Ушундай эле нааразылык акциялары “Мадина” жана “Орто-Сай” базарларында да өтүүдө.
Алдын ала маалыматтарга караганда, ишкерлер салык тармагындагы жаңычылдыктарга нааразы.
2024-жылдын 1-январынан тартып республикада патентке негизделген соода иштери жоюлат.
Буга чейин Мамлекеттик салык кызматы "Дордой" жана "Кара-Суу" базарларына (Тураталы базары) өзгөчө салык режими киргизиле турганын билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн