Теке 04, 2024
Убакыт: 02:31
USD
85.90
86.80
EUR
92.00
93.00
RUB
0.960
1.000

Бишкектен Баткен облусуна 10 психолог жана психотерапевт жөнөп кетти

03.05.2021 13:50
885
Бишкектен Баткен облусуна 10 психолог жана психотерапевт жөнөп кетти


Баткен облусунда бүгүнкү күндө өлкөбүздүн ар кайсы аймактарынан барган 40 медик иш алып барышууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова медиа-штабда 2-майда өткөн маалымат жыйынында билдирди. 


Анын айтымында, окуя башталган биринчи күнү Баткен облусуна 7 медицина кызматкери жөнөп, алардын артынан Бишкек жана Ош шаарларынан министрдин орун басары баш болгон бир нече медиктер кетишкен. Азыркы учурда Баткен облусунун аймагында 40 медик кызмат көрсөтүшүүдө. Бардыгы болуп 81 медицина кызматкери Баткен облусуна барган. 


Ошондой эле, Баткен облусунда жабыр тарткан жарандар менен 7 психолог жана психотерапевтер иш алып барып жаткандыгын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары кошумчалады. Бүгүн 3-майдан тартып, Бишкектен Баткен облусуна кошумча 10 психолог жана психотерапевт жөнөп кетти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн