Чын курандын 10, 2025
Убакыт: 23:25:23
USD
87.40
87.80
EUR
96.20
97.20
RUB
1.015
1.050

Бишкектин четинде кара икра чыгарган цех курулат

27.08.2024 12:16
732
Бишкектин четинде кара икра чыгарган цех курулат


Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) балыкты кайра иштетүү жана икра өндүрүү боюнча цехтин курулушуна 2 миллион 555 миң доллар бөлдү.


Ленинское айылында жайгаша турган цех жылына 6,5-7 миң тонна балык продукциясын жана 8 тонна кара икра чыгарууга жөндөмдүү болот. Чыгарылган продукциянын баары азык-түлүк коопсуздугунун ХАССП жана ИСО стандарттарына жооп берери айтылды.


Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев план боюнча Кыргызстан жылына 105 миң тонна балык продукциясын чыгарууга жетишиши керек экенин билдирди.


Ал эми РКӨФ башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиков өлкөнүн айыл чарбасы кайра жаралуу мезгилин башынан кечирип жатканын белгилеген. Мамлекет башчынын жарлыгы жана өкмөттүн колдоосу менен бул тармактагы бардык долбоорлор каржыланып, аягына чыгары айтылды.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн