Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдон коронавирус табылганына байланыштуу, анын милдетин биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев аткарып жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, шаардык жана ыкчам штабдар штаттык режимде иштеп жатат. Райондук администрациялар, бардык мекемелер шаарга жана шаардыктарга кызмат көрсөтүүлөрдү улантууда.
Буга чейин Бишкек шаардык мэриясынан эки кызматкерден коронавирус аныкталганын мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн