Бугу 17, 2024
Убакыт: 16:18
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Быйыл 23 шаарда жана 40 райондо 153 км жол курулат, ага 500 млн сом керек болууда

17.07.2020 19:30
1069
Быйыл 23 шаарда жана 40 райондо 153 км жол курулат, ага 500 млн сом керек болууда


Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-июлда транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов менен өткөргөн онлайн кеңешмеде салмак- көлөмдү текшерүү тутумун санариптештирүүгө көңүл бурду, деп маалымдады президенттин басма сөз кызматы.

«Оор жүк ташуучу унаалар жолдорду бузуп жатат, бул тармактагы коррупция алигиче түп тамырынан жоюла элек. Салмак-көлөмдү текшерүү толугу менен санариптик форматка өткөрүлүшү керек, ал эми түшүп жаткан каражаттар коррупциялык тобокелдиктерди жоюу үчүн бул тутумда кызмат кылгандардын айлык маянасын көтөрүүгө жумшалышы зарыл», - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Аймактардагы ички жолдорду жакшыртуу маселесине токтолгон мамлекет башчысы, алыскы бийик тоолуу аймактардагы жолдорду суук аба ырайы баштала электе, тез арада, жай мезгилинде оңдоо жана куруу иштерин баштоо керектигин белгиледи. Бардык райондордо курулуш иштери бирдей калыпта жүргүзүлүшү керек.

Президент багытта өткөн жылы жакшы иштер жасалгандыгын канааттануу менен белгиледи. Кээде калктын нааразы болуп жаткандыгы негиздүү экенин айтып, ошондуктан курулуш иштеринин сапатына көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды жана жол иштерине ата мекендик компанияларды тартууну сунуштады.

Министр үстүбүздөгү жылда өлкөнүн 23 шаарында жана 40 районунда 153 км ички жолдорду куруу жана оңдоо иштери мерчемделгенин билдирди. Бул максатта 500 млн сом пландалып, анын 100 млну бөлүнүп берилген. Жанат Бейшенов баса белгилегендей, жумуштун басымдуу бөлүгү жол тейлөө ишканаларынын күчү менен ишке ашырылат.

Ошону менен бирге Жанат Бейшенов Тоң районунда жээктерди бекемдөө иштери жүргөнүн, Лейлек районунун Зардалы айылына жакын жерде жүргөн селден улам жол кыймылы бир нече саатка токтоп, трасса тазалангандыгын маалымдады.

Ошондой эле Ош-Исфана трассасында сел буруучу каналдар агып келген таштуу селден тазаланып, бардык участоктордо унаалардын кыймылы ыкчам түрдө кайра калыбына келтирилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн