Жалган курандын 10, 2025
Убакыт: 17:48
USD
87.30
87.80
EUR
94.50
95.50
RUB
0.970
1.010

Быйыл Ала-Бука жана Чаткал райондорунда бир нече жаңы соцобъектилер курулат, - депутат

08.03.2025 13:09
652
Быйыл Ала-Бука жана Чаткал райондорунда бир нече жаңы соцобъектилер курулат, - депутат


Быйыл Ала-Бука жана Чаткал райондорунда бир нече социалдык-маданий объектилердин курулушу башталат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу билдирди.


Анын айтымында, Ала-Бука жана Чаткал райондорундагы объектилер 2025-жылы республикалык бюджеттен каржыланып курулуучу социалдык-маданий объектилердин тизмесине кирип, курулуш иштери башталат.


Ала-Бука районундагы курулуш баштала турган объектилер:

• Ала-Бука районунун Достук айылындагы №15 Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектептин 500 орундуу жаңы имараты курулуп баштайт. Сметалык наркы 312 миллион 600 миң сом.
• Ала-Бука районунун Совет-Сай айылындагы №21 мектептин 150 окуучуга ылайыкталган жаңы имараты курулат. Сметалык наркы 107 миллион 547 миң сом.
• Ала-Бука районунун Кош-Алмурут айылындагы №27 Сарыбаев атындагы орто мектептин 175 орундуу жаңы имараты курулат. Сметалык наркы 175 миллион 600 миң сом.
• Ала-Бука районунун Кош-Терек айылындагы Нурмолдо атындагы орто мектебинин 225 орундуу жаңы имараты курулат. Сметалык наркы 155 миллион 148 миң сом.

Мындан тышкары дагы эки балдар бакчасынын жаңы имараттарынын курулуштары тизмеге киргизилген. Алар:
• Ала-Бука районунун Сафед-Булан айылына 120 орундуу жаңы балдар бакчасы курулат.
• Ала-Бука районунун Баястан (Коргончо) айылына 120 орундуу балдар бакчасы курулат.

Учурда курулуш иштери жүрүп жаткан социалдык-маданий объектилер:
• Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылындагы Ч. Айтматов атындагы орто мектептин 275 орундуу кошумча корпусунун курулуш иштери жүрүүдө. Тендерде көрсөтүлгөн баасы 95 миллион 604 миң сом.
• Ала-Бука районунун Өрүктү айылындагы Жуманазаров атындагы орто мектебинин 275 орундуу жаңы имараты курулууда. Тендерде көрсөтүлгөн баасы 132 миллион 949 миң сом.
• Ала-Бука районундагы “Шах-Фазиль” тарыхый-маданий музейинин курулушу жүрүүдө. Тендерде көрсөтүлгөн баасы 26 миллион 997 миң сом.
• Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында У. Алыбаев атындагы балдардын искусство мектебинин курулушу жүрүүдө. Тендерде көрсөтүлгөн баасы 40 миллион 925 миң сом.

Чаткал районундагы курулуш иштери курулуп жаткан жана долбоору даярдалып жаткан объектилер:
• Учурда Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Айгыр-Жал айылындагы Ж. Ташкеев атындагы орто мектеп үчүн 150 орундуу жаңы имаратты курууга долбоордук-сметалык документтери даярдалып жатат. Жыл аягына чейин жаңы мектепти курууга каражат маселеси толугу менен чечилиши күтүлүүдө.
• Чаткал районунун Курулуш айылында 75 орундуу балдар бакчасынын имаратын куруу үчүн долбоордук-сметалык документтери даярдалууда. Жыл аягына чейин балдар бакчасынын жаңы имаратын курууга каражат маселеси толугу менен чечилиши күтүлүүдө.
 Чаткал районунун Курулуш айылында Сатыбай Мырзалиев атындагы орто мектептин 225 орундуу жаңы имараты курулуп жатат. Жыл соңуна чейин курулуш иштери аяктайт деп пландалууда. Тендерде көрсөтүлгөн баасы 141 миллион 410 миң сом.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн