Бугу 15, 2024
Убакыт: 22:19
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Быйыл Кыргызстанда шамал жана күн энергиясын өндүрүү станциялары курула баштайт

15.02.2022 12:27
899
Быйыл Кыргызстанда шамал жана күн энергиясын өндүрүү станциялары курула баштайт

Токмокто шамал станцияларын куруу 2022-жылдын март, апрель айларында башталат. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.


Анын айтымында, күн нурунан электр энергия өндүргөн станцияларды куруу боюнча Энергетика министрлиги тиешелүү компаниялар менен акыркы сүлөшүүлөрдү жүргүздү.


“Анын жыйынтыгын мага алып келди. Токмокто кубаттуулугу 120 МВт болгон шамал станциясынын курулушу март, апрель айларында башталат. Ошондой эле Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош жана Баткенде дагы күн нурунан электр жарыгын алган станцияларды курууну баштайлы деп жатабыз”, - дейт ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн