Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 22:48
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Быйыл СПИД менен күрөшүүгө 83 млн сом бөлүнгөн

29.11.2022 16:09
349
Быйыл СПИД менен күрөшүүгө 83 млн сом бөлүнгөн

Бүгүн, 29-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети 1-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата жыйын өткөрдү.


Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев жана Эдил Байсалов баштаган Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдордун өкүлдөрү катышты.


Жыйынды ачып, өткөрүлүп жаткан талкуунун максаты тууралуу сөз кылган Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева аталган илдетке каршы күрөшүүдө көп секторлуу мамиле керектигин белгиледи.


Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев ВИЧ инфекциясы жана адам укуктары чөйрөсүндөгү мыйзамдарга инвентаризация жүргүзүлүп жатканын эске салып: “Анткени, ВИЧ инфекциясы өзүнчө тема эмес, коомдук саламаттыкты сактоо жаатындагы мыйзамдардын бир бөлүгү катары каралышы керек. Баарыбыз биргелешкен аракет менен алдыга жыла берсек илдет менен натыйжалуу күрөшө алабыз”, – деди.  


Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ВИЧ инфекциясынын алдын алуу жана кырдаалды жөнгө салуу жаатында жасалып жаткан иштерге токтолуп: “Министрлер кабинети тарабынан 2023-2027-жылдарга карата жаңы VI программа иштелип чыгууда. Аталган программа ВИЧ инфекциясынын жана вирустук гепатиттин алдын алуу жана дарылоо боюнча негизги иш-чараларды камтыйт”, – деди.


Эдил Байсалов белгилегендей, бул жаатта мамлекеттик каржылоонун көлөмү кыйла көбөйгөн. Тагыраагы, 2018-жылы 62 млн сом, 2019-жылы 42 млн сом каралса, 2020-жылы 76 млн сом, 2021-жылы 83 млн сом, ал эми үстүбүздөгү жылы да 83 млн сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары ВИЧ жана СПИД менен ооруган балдарга, ошондой эле илдетке чалдыккан энелерден төрөлгөн наристелерге 18 жашка толгонго чейин 8000 сомдон жөлөк пул берилерин маалымдады.


Муну менен катар Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да баяндама жасашты.


Талкуу маалында депутат Ырысбек Атажанов илдетке чалдыккан балдарга 18 жашка толгондон кийин да ар тараптуу колдоо көрсөтүлүшү керектигин айтып, Министрлер кабинетин аталган маселеге көңүл бурууга чакырды.


Андан тышкары, жыйынга катышкан илдетке чалдыккан балдардын ата-энелери сөз сүйлөшүп, көйгөйлөрүн көтөрүштү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн