Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 06:17
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Быйыл ала качуунун саны көбөйгөн. Анын үчөө сотко жеткен

19.05.2021 15:18
1220
Быйыл ала качуунун саны көбөйгөн. Анын үчөө сотко жеткен

Быйыл төрт ай ичинде 175-берене ("Адамды никеге туруу максатында уурдоо") боюнча 82 учур катталды. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу көп. Мындай маалыматты Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары Нурлан Исмаилов таратты.


Исмаиловдун айтымында, кыз ала качууга чара көрүүгө тартип сакчыларынын укугу чектелүү.


"Кылмыш кодексинде бул маселеге байланыштуу төрт берене каралган. Алар: 175-берене ("Адамды никеге тургузуу максатында уурдоо"), 176-берене ("Жашы жете элек өспүрүмдү никеге турууга мажбурлоо"), 177-берене ("Адамды никеге турууга мажбурлоо") жана 178-берене ("Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө никеге туруу жөнүндө мыйзамдарды бузуу"). Жыл башынан бери бул беренелер боюнча жалпы 200 учур катталган. Анын ичинен 175-берене боюнча 82 учур болду. 30у Бишкекте, Ош шаарында — 9, Чүйдө —13, Нарында — 4, Ош облусунда — 7, Ысык-Көлдө — 4, Жалал-Абадда — 12 жана Баткен облусунда 3 учур катталган. Булардын арасынан үч иш аягына чыгып сотко жөнөтүлгөн, 8 айыпкерге карата камакка алуу чечими чыкса, бир шектүү үй камагына алынды. 175-берене боюнча былтыр 56 учур катталган. Быйыл төрт айдын ичинде эле 82 учурдун катталганы, албетте, терс көрүнүш", — деди Исмаилов.


Ал үстүбүздөгү жылы 176-берене ("Жашы жете элек өспүрүмдү никеге турууга мажбурлоо") боюнча 9 учур, 177-берене ("Адамды никеге турууга мажбурлоо") боюнча 6 кылмыш жана 178-берене ("Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө никеге туруу жөнүндө мыйзамдарды бузуу") боюнча 103 кылмыш иши катталганын кошумчалады.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн