Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 07:32
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Быйыл өрт кырсыктары дээрлик 30 пайызга көп катталган

14.09.2021 16:58
791
Быйыл өрт кырсыктары дээрлик 30 пайызга көп катталган

2021-жылдын 8 ай ичинде республика боюнча 1966 өрт кырсыгы катталып (2020-жылы 1515), өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 29,8% өскөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 25 адам каза тапкан. (2020-жылы 14 адам), жана 36 адам жабыркаган (2020-жылы 21). Тилсиз жоодон 26 адам куткарылып, 8 млрд 389 млн 727 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталган. 1248 өрт турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынын 63,5 %ын түзгөн.


Өрттүн негизги себептери төмөнкүлөр:


электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан - 783 (24,5%);

мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 189 (35,0 %);

отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 320 (2,2%);

балдардын от менен ойноосуунан – 109 (109%), өрт кырсыгы болду.

Өрттөрдүн саны төмөндөгүчө бөлүнөт:


Бишкек шаарында – 323;

Чүй облусунда - 494;

Ош облусунда - 192;

Жалал-Абад облусунда - 247;

Ысык-Көл облусунда - 198;

Нарын облусунда - 64;

Талас облусунда - 60;

Ош шаарында - 64;

Баткен облусунда 324 өрт катталган.

Өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл:


бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;

күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчаларда сактабагыла;

балдарды кароосуз калтырбагыла;

күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;

электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.

тамекинин калдыктарын жана ширеңкелерди таштабагыла

"Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн пункттарын сактап, өзүнүздүн турак жайыңызды, мүлкүңүздү сактоо менен өрт учурунда адамдардын жаракат алуусунун жана каза болуусунун алдын аласыз", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн