Бугу 20, 2025
Убакыт: 20:07
USD
87.30
87.80
EUR
98.00
99.00
RUB
1.082
1.120

Быйыл республика боюнча 5 615 ипотекалык батирдин курулушу аякташы күтүлүүдө

20.05.2025 13:49
22
Быйыл республика боюнча 5 615 ипотекалык батирдин курулушу аякташы күтүлүүдө


2025-жылга карата республика боюнча 5 миң 615 батирдин курулушу аякташы күтүлүүдө. Бул тууралуу минкабдын жылдын 4 айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган кеңешмеде маалымдалды.


Анын ичинде Бишкек шаарында жана Жалал-Абад облусунда эң көп сандагы батирлер берилмекчи.


- Бишкек шаарында - 2 913 батир;

- Жалал-Абад облусунда - 1 530 батир;

- Нарын облусунда - 433 батир;

- Талас облусунда - 319 батир;

- Ысык-Көл облусунда - 420 батир.


Кенешмеде айтылгандай, азыркы учурда 50 миңден ашуун жаран кезекке туруп, турак жай алууну күтүп жатат. Ошондой эле 2025-жылы мамлекеттик бюджеттен турак жай курулушун каржылоо үчүн 40 млрд сом бөлүнгөн.


Мындан тышкары, үлүштүк курулуш механизми аркылуу 6,8 млрд сом тартылып, бул каражаттар дагы турак жай курулушун каржылоого багытталган.


Ошондой эле Сауд өнүктүрүү фондунун 100 млн доллары жана Ислам өнүктүрүү банкынан 79 млн доллар курулуш иштерин каржылоого багытталгандыгы айтылды.


Эскерте кетсек, азыркы тапта өлкө боюнча жалпы аянты болжол менен 4 млн чарчы метрди түзгөн 61 миң 827 батирдин курулушу жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн