2025-2026-окуу жылында мугалимдердин айлыгы жогорулайт. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Министр мындай колдоо чечими үчүн президент Садыр Жапаровго жана министрлер кабиненетинин жетекчиси Адылбек Касымалиевге жалпы агартуучулардын атынан ыраазылык билдирген.
"Акыркы жылдары билим берүүнүн сапатын жакшыртууга мамлекеттик деңгээлде олуттуу колдоолор жүрүп жатат. Ошондой эле райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүн, облусттук мугалимдерди өнүктүрүү борборлорун автотранспорт менен камсыз кылуу маселеси чечилүүнүн алдында.
Бул системалык колдоо бизди шыктандырат жана эмгекке болгон мамилебизди, жоопкерчиликти жогорулатат.
Урматтуу кесиптештер, бизге күчтүү жана жаратмандардын келишин күтөбүз. Окуу жыл ичинде орун жок калса таарынмай жок.
Азыртадан ойлонгула. Айлыктын суммасын айтпай эле коеюн, ал “секрет”. Бул колдоо мыкты агартуучулардын келишине жана жаратмандыкка жол ачат.
Эми, агартуучунун баркы жогорулап, орун талашкандар көбөйүп, биз келечек муундарга мыкты билим тартуулоо кудуретине ээ болобуз. Агартуучу- ардактуу, асыл кесип.
Билим уясында кокустан, адашып келгендер иштебеши керек. Балага жан дүйнөсүн арнап, билим берген мугалимдер көбөйсүн.
Агартуучунун эмгегин баалаган, барктаган доор келди",-деген ал.
Кендирбаева ошондой эле адам өмүрүнүн сакчылары- дарыгерлердин да айлыгы жогорулай турганын кошумчалаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн