Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 21:15
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Быйылкы түшүм өлкөнү камсыздай алабы? Айыл чарба министрлигинин жообу

13.07.2023 10:40
346
Быйылкы түшүм өлкөнү камсыздай алабы? Айыл чарба министрлигинин жообу


Кыргызстандык дыйкандар быйыл кандай түшүм алары боюнча божомолун Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдү өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Адилет Нарынбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна курган маегинде айтып берди.

Анын пикиринде, үстүбүздөгү жылы кант кызылчасына болгон ички керектөөнү толук камсыздаса болот.

"Өткөн жылы 9 миң гектар жерге кант кызылчасы эгилген болсо, быйыл 14 миң гектарга себилди. Буга кайра иштетүүчү ишканалар келишимдин шарттарын жакшыртканы себеп болду. Картошка жана башка жашылчалар былтыркы жылдагыдай эле көлөмдө айдалды. Ал эми май өсүмдүктөрү 20 миң гектарга пландалып, иш жүзүндө 14 миң гектарга гана себилди", — деди министрликтин өкүлү.

Адистин айтымында, бүгүнкү күндө жашылча, сүт, бал, кант кызылчасы менен өзүбүздү толук камсыздай алабыз.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн