Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 13:20
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Бийлик Жаңы-Пахтадагы мыйзамсыздыкка качан көңүл бурат?

14.01.2021 14:39
610
Бийлик Жаңы-Пахтадагы мыйзамсыздыкка качан көңүл бурат?

Сокулук районундагы Жаңы-Пахта айылдык кеңешининин 2 чакырыштан берки төрагасы болуп келаткан Исо Шамов айыл чарба багытындагы үлүш жерге "хан сарай" салып алгандыгын аталган аймактын жашоочулары көрсөтүп, нааразычылыктарын билдиришти.


Айылдык кеңештин депутаттары айыл чарба багытындагы сугат жерлерди келишими жок пайдаланышып, бирок ижара акысын төгүшпөгөндүгү да арыздануучулар тарабынан айтылды. Мисалы, төрага И.Шамовдун иниси, депутат Ф.Шамов дагы 5 га сугат жерди колдонуп, 2017-18-жылдары ижара акысын төлөөдөн баш тартып, аны "келишим атасынын атында экенидиги, ал эми атасы каза болуп калгандыгы" менен байланыштырат экен.


Мындан сырткары И.Шамов 5,0 га сугат жерди Жаңы-Жер айылынын тургуну Залум аттуу адамга субарендага бергендиги, ал ижара акысын төлөбөй жүргөндө мажбурлап араңдан 2018-жыл үчүн төлөтүшкөндүгү да айтылды. Прокуратурага болсо И.Шамов бул жерди "жетишпеген үй-бүлөлөргө бергендигин" айтып кутулуп жүрөт имиш.


Конституцияда жергиликтүү бийликтин ыйгарым укуктарын кеңейтип, аймактардын өнүгүүсү үчүн кенен шарттарды түзүп берип жаткан Президенттин изги максатын "ийри" багытка буруп жаткан көрүнүштүн бир мисалын ушул Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн аймагында болуп жаткан мыйзамсыздыктардан көрүүгө болот.


Спикер мыйзамды көзүнө илбей үлүш жерине там салып алса, карапайым адамдарда жергиликтүү бийликке болгон ишеним калабы?...


Булак: ring.kg



Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Аида
Закон алдында жоопко тартылсын