Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бийлик эл менен эсептешет

27.04.2021 13:10
957
Бийлик эл менен эсептешет


Президент Садыр Жапаров 26-апрелде АКИпресс маалымат агенттигине, «Пирамида» телеканалына маек куруп, анда акыркы убактарда коомчулуктун көңүл борборунда болуп жаткан жагдайлар тууралуу өз пикирин билдирди. Анда мамлекеттик чек ара маселелери, электр энергиясына болгон тариф, кумарканаларды ачуу жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу суроолорго жооп берди.


Президенттин айтымында мындан ары мамлекеттик чек араларды чечүү маселеси жашыруун чечилбестен, элге ачык айтылып, талкууланып, анан чечилет. «Эки өлкөнүн ортосунда чек ара маселеси боюнча талаш-тартыштар сөзсүз болот. Алар жөн эле, оңой, жеңил чечилип калбайт. Мисалы, Өзбекстанда деле талкуулар болуп жатат, ал жакта деле жерлерибизди берип салды деп жатышат, аларда деле нааразычылыктар бар. Ошондуктан эки мамлекеттин ортосундагы чек ара чечилип жатканда сөзсүз түрдө бир жерден 5 гектер жер берсең, башка жерден же башка райондон, айылдан 5 гектер жер алышың керек. Тажикстан менен деле ошондой. Мисалы, шахмат тактасындай болуп калган жерлерибиз бар. Биз аны сүйлөшүү жолу менен чечишибиз керек. Керектүү жерин биз алып, аларга керектүү жерди беришибиз керек. Муну дагы жергиликтүү эл менен чечебиз», - дейт ал.


Мамлекет башчысы өз сөзүндө мурда мамлекеттик чек ара маселеси жашыруун чечилип, ратификациядан өтүп, кол коюлуп, бекип калгандан кийин гана «жер өтүп кетти» деп ызылдап калчу экенибизди эске салып, мындан ары жерим өтүп кетти деген ар бир райондун эли менен талкууга коюп, бардык жак менен сүйлөшүп гана чечиле турганын белгиледи.


Азырынча Өзбекстан менен чечиле элек жерлер боюнча эч кандай документке кол коюла электигин, иш төрт этап менен жүрө турганын, коңшулаш Тажикстан менен азырынча сүйлөшүүлөр жүрө электигин кошумчалады. Эң негизгиси чек ара маселесин Кыргызстандын пайдасына чечебиз деген ниетин билдирди.


Ырасында эле мамлекеттик чек араларды тактоо маселеси өтө татаал процесстер менен коштоло турганы белгилүү. Анда сөзсүз түрдө нааразы болгондор да, ыраазы болгондор да болот. Айрым жерлерди алмашууга туура келет. Бир тараптуу кызыкчылык менен эч качан чек ара маселесине чекит кое албайбыз. Андыктан бийликтин бул багытта жасап жаткан иш-аракеттерине бир беткей сын көз караш менен гана кароо да чекилик. Эгерде чек араларды ыңгайлуу учур келип турганда тактап албасак, анда эртең дагы бир топ жерлер талаштуу аймакка айланып кетиши мүмкүн. Андыктан бийликтин коңшулаш өлкөлөр менен чек араларды 100% тактап алуу аракетин эл дагы колдоого алып турганы керек.


Президент Садыр Жапаров жакында жаңы Конституция ишке киргенде, кандай өзгөрүүлөр боло турганына да токтолду. Жаңы Конституцияга ылайык, мурда өкмөт өзүнчө, президент өзүнчө болсо, эми экөө биригип, бир өкмөт болот. «Реформалар жүрө баштайт. Мурдагыдай бюрократизм жок болуп, оперативдүү чечимдерди кабыл алабыз. Мисалы, азыр жашап жаткан Конституция боюнча, мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү бир кагазды өкмөткө салсаңыз, 15 күндө араң бүтүп келет. 3 саатта бүтүрүп койчу иш 1 айлап жоголуп кетет. Акыркы 10 жылдан бери биздин башкаруу системабыз чаржайыт болуп кеткен. Жоопкерчиликти мойнуна алган эч ким жок. Эми жаңы Конституция ишке кирсе, андай болбойт. Өкмөт менен президент биригип, бир чечилип кете берет», - дейт мамлекет башчысы.


Албетте, бардык жаңы башталган багыттын башталышы маанилүү. Андыктан жаңы Конституция кандай нукта иштей турганына, аны менен жашап баштаган алгачкы алты айлыктан кийин баа бере баштасак туура болот.


Президенттин сөзүнө караганда, жаңы Конституция менен жашай баштаганыбызда азыркы өкмөттүн курамында өтө деле өзгөрүүлөр орун албайт. «Министрлер азырынча өз ордунда калат. Биз мурун өкмөттү түзүп жатканда акылдашып, биргелешип кеңешип түзгөнбүз. 2 ай сайын өкмөттү өзгөртө бербей, бүгүнкү өкмөт ошол бойдон эле президентке кошулуп, бир саясат жүргүзө баштайбыз», - дейт ал. Ал эми район акимдерин ротациялоо боло турганын билдирди. Анын айтымында түштүктүн акимдери түндүккө, түндүктүн акимдери түштүккө ротацияланат. Бул ынтымакты чыңдоо саясатына байланыштуу болот.


С. Жапаров Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун курулушун аягына чыгаруу планда бар экенин да айтты. Ал бул жолдун курулушун бир сыйра текшерип, ага канча акча келгенин, канча пайызга бүткөнүн, кайсыл деңгээлде экенин текшерүүдөн өткөрүп, андан кийин гана анын курулушун аягына чыгаруу аракети баштала турганын билдирди.


Электр энергиясынын тарифи тууралуу сөз кылган мамлекет башчысы, эми ал жалпы жарандарга бирдиктүү бир тариф коюла турганын, чектөө алып салынарын, бирок кандай баада сатылышы керектиги азырынча так эместигин, ал эксперттердин анализдөөлөрүнөн кийин белгилүү болоруна токтолду. Электр тарифин көтөрүү менен бюджетти толтуруу эмес, эң негизгиси 30 жылдан бери очойгон кризиске батып калган энергетика тармагын кризистен алып чыгуу максаты коюлуп жатканын белгиледи.


Туура, Кыргызстандын энергетика тармагы өтө оор абалга кептелгени чындык. Отуз жылдан бери бул тармакты саан уйдай эле пайдаланып келдик. Бирок, аны жаңылоо, оңдоо багытына олуттуу көңүл бурулган жок. Андыктан электр энергиясына болгон тарифти кайрадан карап чыгып, аны калк менен кеңешип-кесип, эл көтөрө ала тургандай бааны коюу учурдун талабы болуп турат. Болбосо, эртең бүтүндөй мамлекет жарыксыз калып калышы мүмкүн.


Мамлекет башчысы мурдагы президент Атамбаевдин иши тууралуу суроого: «Аны сот чечет. Ага кызыккан да жокмун, убактым да жете элек. Менин билишимче, Кой-Таш окуясы боюнча жана Батукаев боюнча соту жүрүп жатат. Анын качан чыга турганын сураган да жокмун. Аны мен эмес, сот чечет», - деп жооп берди.


Ооба, ар бир жаран ким экенине, кандай кызматта, кандай даражада экенине карабай, мыйзам алдында баары бирдей болушу шарт. Андыктан бийлик башындагыларды соттордун чечимине кийлигишпегиле деп талап кылуу менен бирге, кайра кайсы бир абактагы саясатчынын иши тууралуу кызыгып сураганыбыз өз пикирибизге өзүбүздүн каршылык жасап жатканыбызды көрсөтүп турат. Эми мындан ары өлкөбүздө түрдүү кылмыш иштерин бир гана соттун чечими баалай тургандай болушу керек.


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн