Бугу 13, 2024
Убакыт: 03:45
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Бийлик жазга чейин убадасын аткарбаса төртүнчү революция кайталанышы мүмкүн

11.11.2020 11:36
3088
Бийлик жазга чейин убадасын аткарбаса төртүнчү революция кайталанышы мүмкүн


Финансы поют романсы...


2020-жылы өлкөдөгү саясий кырдаалдан жана пандемиядан улам 400 млн доллар капитал сыртка чыгып кетти. Бюджеттин дефицити болжолду 33-35 миллиард сом. Бул да болжолдуу 400 млн долларга барабар. Тышкы карызга болжолдуу ушунча сумма төлөө мөөнөтү келди. Бул 1 миллиард 200 млн доллар дегенди билдирет. Жалпы бюджет 2 миллиард долларга жакын. Демек, оор күндөр алдыда. Казына бош. 2020-жылдын салыктарын алдын ала жыйнап алганбыз. Чек аралар жабык, соода-сатык токтоп турат. Реэкспорт толук токтоду. Айыл чарбасы ИДП нын 12 пайызга жакынын гана берип жатат. Мигранттар жылда салчу 2-2,5 миллиард доллар социалдык чыңалууну басып турчу эле, пандемиядан кийин бул көрсөткүч кыйла азайды.


Өзбекстандан жардам катары расмий бийлик азык-түлүк сурап жүрөт, ошол эле учурда биздин базардагы азык-түлүк, эт, картошка Өзбекстанга ченемсиз контрабандалык жол менен ташылып чыгып жатат. Ойлончу маселе көп. Мындай шартта бийлик элге кабаттап убада бергенди токтотушу керек. ТЭЦте көмүр жок, Токтогулда суу жок, базардагынын баары кымбаттап жатат. Эгер бийлик аткарылбас иш аракеттерге убада бере берип, жазга чейин анын өтөөсүнө чыкпаса (кудай анын бетин ары кылсын) төртүнчү революция кайталанышы мүмкүн. Стабилдүүлүктү сактоонун негизги рычагы бул- элге чындыкты айтып, бардык форс-мажордук кырдаалга даяр туруусун сурануу, сарамжалдуулукка үндөө.


Төлөгөн Сулайманов, журналист


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Турсун
Убадалар курч муноздо айтылып жатат.аткарылсаэкен.