Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 15:34
USD
89.40
89.87
EUR
96.60
97.60
RUB
0.962
0.990

Бийликке коңгуроо: Токтогул ГЭСи коркунучта же Кыргызстанды караңгылыктан кантип сактайбыз?

07.01.2021 12:03
684
Бийликке коңгуроо: Токтогул ГЭСи коркунучта же Кыргызстанды караңгылыктан кантип сактайбыз?


Кече 6-январда коомдук биринчи каналда өткөн президенттикке талапкерлердин теледебатында өлкөбүз үчүн, элибиздин жашоосу үчүн өтө маанилүү жана кооптуу жагдайдын бар экени ачыкталды. Талапкерлердин бири Аймен Касенов Кыргызстан «Токтогул» ГЭСинен ажырап калуу коркунучунда турганын коңгуроо кылды. 


«Суу сактагычта учурда 12 млрд. куб метр суу бар экенин «Электр станциялары» ишканасы берип жатат. Бирок биз кечээ, Токтогул районуна барып келген учурда, суу сактагычты өз көзүбүз менен көрүп, сүрөткө тартып келдик. 7-8 млрд. куб метрдей эле суу калыптыр. Бул эксперттердин берген баасы. Бул эмнени билдирет? Эң төмөнкү чеги 6 млрд. куб метр. Ага жетип калса, турбиналары айланбай калат. Мен эмнени айткым келип жатат, бул биз азыр технологиялык катастрофанын алдында турганыбызды эскертким келет. Эртеңки күнү «Токтогул» ГЭСинен ажырап калышыбыз мүмкүн. Антпесек, муну толукташ үчүн сууну үч жыл боюу топтошубуз керек болот», - деди ал. 


Шайлоонун шаңы, бийлик талаш менен алпурушуп жатып, «Токтогул» ГЭСиндеги абал өтө курч абалга келип калганын эч кимибиз байкабай калыппыз. Болбосо мындай маалыматты биринчи кезекте кыргыз өкмөтү билиши керек эле. Билип эле тим болбостон, ал маселени кантип чечүүнүн жолдорун да айтуусу зарыл болчу. 


Ооба, ырас бүгүнкү бийликтин отурганына аз эле убакыт болду. Саясий кырдаал дагы тынч эмес. Бирок, бийлик башына кандай кырдаалда келсе дагы, ал өлкөдөгү бардык жоопкерчиликти мойнуна алууга даяр болуп келет. Ошого жараша мамлекеттеги чукулунан чара көрүлүшү керек болгон жагдайларга басым жасоо маанилүү. Кайсы бир чакан ишкананын ачылышына барып катышуу, же жаңы мектептин, ооруканын имаратынын лентасын кесүү азыр маанилүү эмес. Алардын лентасын кеспесе деле иштей берсе болот. Ал эми «Токтогул» ГЭСиндеги катастрофалык абалды алдын албаса жалпы Кыргызстан кыштын кыраан чилдесинде караңгылыкта калып калышы мүмкүн. 


Бийлик бул жагдай боюнча кандай чукул чараларды көрүшү керек? Биринчи кезекте Аймен Касенов айткан маалыматтын канчалык деңгээлде чындык экенин тез аранын ичинде текшерип, коомчулукка так жоопту берүүсү зарыл. Экинчиден, маалымат тастыктала турган болсо, анда ГЭСтин катастрофалык абалын алдын-алуунун бир катар чаралары пландалышы керек. Электр энергиясын үйдү жылытуу үчүн пайдаланып жаткан жарандардын үйлөрүнө чукул арада газ киргизүүнү колго алуу маанилүү. Балким эконом режимге өтүүнү кабыл алыш керек. Айтор кыргыз өкмөтү энергетика жаатындагы эксперттердин башын кошуп, Токтогул ГЭСиндеги абалды талкуулап, аны сактап калуунун жол-жобосун иштеп, бир чечимге келүүсүн эл күтөт. Анан дагы эмне себептен суу сактагычтагы суунун көлөмү мынчалык кескин азайып кеткенин териштирүү, күнөөлүүлөрдү жазалоо шарт. 


Ансыз да элдин маанайы суз, кыштын кычырап турган маалы. Саясий кырдаал тынч эмес. Пандемия токтой элек. Мамлекеттин бюджети бош, экономика эңшерилип турат. Коңшулаш мамлекеттер да биздеги абалга жөн гана байкоо жүргүзүп, сын көз менен карап турганы белгилүү. Ушунун баарына кошумча ГЭСте кыйроо болуп, жалпы Кыргызстан караңгылыктын кучагына кирип калса эмне болот? Тез арада ойлонуп, тез арада чечим кабыл ала турган жагдай бекен?


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн