Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 03:43
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Бийликти сыйлап-урматтаганды да билели

08.01.2021 14:59
999
Бийликти сыйлап-урматтаганды да билели


Кандай бийлик келбесин кошуна өзбек, казак элдери аны жакшы деп аны менен жакшы иштеп кетет. Кандай бийлик кыргызга келбесин, аны биз сөссүз түрдө кемчилигин таап, жамандап, бузуп жаман иштетип жатабыз.

 

Негизинен кыргызга Кудай жакшы бийликти тартуулап жатат, канча президенттерибиз алмашты, алардын бири дагы бийликке чексиз жабышкан жок. Албетте алар дагы коррупцияга алкымынан батышты, бирок бул жагынан бизге жаккан коңшуларыбыздын падышалары да өтө эпчил болуп башынан аягына чейин мындай ыпылас иштер менен алектенип жатышпайбы.


Бул оңүттөн караган болсок, коңшуларбыздын абалы таптакыр башка, аерде бийликке жеткен адам, өмүрүнүн аягына чейин элди башкарат, каалагандай эзет, адамдын укук-сукутарыны уруп ойнобой.

 

Мына ошондуктан кыргыз бийлигин да сыйлап-урматтаганды билели. Эгерде анын кадырын таптакыр кетирген болсок, анда бизди биз сыйлаган жана урматтаган коңшу лидерлер эртели кечпи башкарып бийликтин кардуу сырын бизге ошондо көрсөтүшкөн болушат. Ошондуктан бизди Путин, Мирзияев, Лукашенко же Туркменбашы же дагы башка каардуу жетекчи башкарбасын десек, кыргыз бийлигин сыйлаганды билели, ага талапты катуу койгон болсок да.


Замир Өсөров, журналист



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн