Бугу 08, 2024
Убакыт: 19:34
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Биз алдыга жылабызбы же ташкөчүктөнүп эле отура беребизби?

22.12.2020 18:48
1028
Биз алдыга жылабызбы же ташкөчүктөнүп эле отура беребизби?

Бүткүл дүйнөдө электрондук коммерция менен өнүгүп жатат. Пандемиянын шартында тем более. Электрондук коммерция аркылуу 2020-жылы товар оборот 11 млрд. $га чыкты. Amazon, Alibaba деген интернет-магазиндер ааламды айланта курчап атат. Алишер Усманов кеңешчилик кылып, Өзбекстан бул багытта катуу даярдык көрүүдө.


Бизде тилеке каршы мындай заман талабына жараша ишти жылдыралы дегендер аз. Андай иштерди жолго коюш үчүн а дегенде мыйзамдык база керек. Эгер мыйзамдык база болсо, биз Кытайдын товарларын "Манас" аэропортунун кампасына алып келип коюп эле, АКШ менен Европага чейин интернет-магазиндер аркылуу сата бермекпиз. (Себеби, ал жактан түз сатууга эмбарго коюлган).


Муну эмнеге баштап атам? Бүгүн ЖКда ушул чоң маселе боюнча кичинекей ЧП болду. Заманбап ой жүгүртүүсү бар, активдүү депутат Marlen Mamataliev жогорку жагдайды эске алып, "эртелегендин иши эртелеген" дегендей "Электрондук коммерция жөнүндө" мыйзам долбоорун жазса, ЖКнын Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин башчысы Салайдин Айдаров эки жолу себепсиз артка кайырды. Бул эми таш доорунда эле отура берели деген мамиле да. "Комитет басып алган үйүңбү?!" деп күйгүдөй эле бар...

Биз алдыга жылабызбы же ташкөчүктөнүп эле отура беребизби?


Тынчтык Алтымышев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн