Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 08:32
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Биз кумарканалар маселесинин арам экенин гана карап жатабыз

27.04.2021 16:13
1080
Биз кумарканалар маселесинин арам экенин гана карап жатабыз


Казино боюнча...

Мен кумар оюндарына кызыкпайм, ал тургай жөнөкөй картаны дагы билбейм. Ошондуктан казинолордун ачылышы мага коркунучтуу эмес. Ооба, убагында ойноп акчасын, үйүн, аялынан бери уттуруп жибергендер болгон. Анан 2015-жылы Жогорку Кеӊеш казинолорго тыюу салган. Бирок, ушул күнгө чейин жабык, жашыруун казинолор иштеп келген, учурда дагы иштеп жатат. Алар кармалып калган учурда акча берип жаап, анан тымызын уланта беришкен. Мамлекетке эч кандай салык төкпөй, текшерүүчү органдардын гана чөнтөгүн калыӊдатып келүүдө.

Сунушталып жаткан казино чет элдиктер үчүн...

Президент кечээ маегинде айтты, “...мамлекеттин жарандары ойногонго болбойт, чет элдиктер үчүн гана кылалы деп жатабыз...” деп. Эми мунун жүйөөсү – салыкты көбүрөөк чогултуу, экономикага кошумча киреше алып келүү экендигин түшүндүрдү. Коомчулукта карама-каршылыктар болуп жатат. Ошондуктан, эксперттер, экономисттер мунун болжолдуу, реалдуулукка жакын киреше алып келүүчү шарттарын элге түшүндүрүп берүүсү керек. Азыр биз, кумар оюндарынын арам экенине гана токтолуп жатабыз.

Тамчыдагы казино...

Алматыда Тамчы деген талаа бар эле, азыр чоӊ шаарга айланган. Ал жерде казиного уруксат берилген. Россия, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан ж.б жакынкы өлкөлөрдөн байлар келип эс алып кетишет. Тамчыдагы казино Казакстанга канчалык пайда алып келгендигине анализ жасоо керек.

Кыргызстанда ачылса эмнелер күтүлөт?

Чет элдиктер келет, аэропорттон баштап жергиликтүү кызмат көрсөтүүчүлөрдүн кызматтарын пайдаланып, акча төлөп баштайт. Такси кызматкерлери тосуп алып, мейманканаларга жеткирет. Мейманкана, тамак-аш ж.б кызматтарды алышат. Казинолор жайгашкан аймактарга туристтик базалар түшүп баштайт, жергиликтүү эл жумуш менен камсыз болот. Казинолор гана эмес, патент менен иштеген таксиден баштап, кафелер, мейманканалар дагы киреше таап, салык төгөт. Киреше ушундай жол менен топтолот.

Марихуана же кара куурайга уруксат бериш керекпи?

Ырас, чет элдиктерге казино ойногонго уруксат бергенден кийин, коомчулукта тыюу салынган, бирок жашырып эле колонуп жүргөн кара куурай деген чөп бар. Аны дагы легалдаштырып, так ошол туристтик зоналарда, чет элдиктер үчүн нормадан ашырбай, жабык жайда гана колдонууну мыйзамдаштырып берүүнү карап көрсөк кантет? Бул дагы кирешелүү болмок. Негизи эле, кара куурайдан башка дагы продукцияларды алса болоорун кошуна өлкөлөрдөгү практикалар көрсөтүп жатат. Биздин экономикабыз алсыз, балким эксперттер өз ойлорун айтаар?

P.S: Биздин коомдо кандай гана демилге көтөрүлбөсүн, аны адекваттуу талкуулап, ар ким өзүнүн көз карашын таӊуулабай сунуштаганды үйрөнсөк. Урушуп, ата-жотосуна чейин жеткире ашатып, ар кандай божомолдору менен шек санабай талкууласа деп күтөөр элем.

Мен казинону дагы ойнобойм, кара куурайын дагы чекпейм, тек гана сунушумду айттым.

Дайырбек Орунбеков, журналист

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Сойкукананы дагы мыйзамдаштырып койгула еси жоктор.Туризмди онуктурсо болбойбу,адал го.