Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 07:27
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Биз жана өлкөбүз тууралуу...

04.03.2021 10:53
425
Биз жана өлкөбүз тууралуу...


Өткөн кылымдын биринчи жарымында эл уулдарын, зирек ойлонгондорду, өзү өнүгүп, элди да өргө тарткандарды көрө албадык, тоголок арыздар менен эл душманы атыктырып, түрмөлөргө каматтык.
Алар ондоп, жүздөп атылды, сынды, зарлады.
Арманда кетти.
Алар азчылык эле. Көк жалдар эле.

Кошоматчылар, эки жүздүүлөр элди бийледи.
Кулдук аң сезим калыптанды.
Элдин үшүн алышты, сындырышты.
Элдин өнүгүүсү кечеңдеди.
Өлкөбүз артка сүрүлдү.

Бүгүн тоголок арызчылардын ордун фейктер, артта туруп аларды иштеткен саясатчы сөрөйлөр, ура патриоттор, фанаттар, сабатсыздар, кошоматчылар, курсагы тойсо шайтанга да кызмат кыла тургандар, коррупционерлер, трайбалисттер басты.

Алар үчүн зирек ойлонгондор душман.
Ачык айткандар душман.
Аларга окшош ойлонбогондор душман.
Критикалык ойлонгондор душман.
Көз карандысыздар душман.
Альтернативдүү ойлонгондор душман.
Кыздарыбыздын, энелердин укугун коргогондор душман.
Алар колдогон башкарманы колдобогондор душман.
Элдин укуктук сабатын көтөргөндөр душман.

Бүгүн да кечеңдеп жатабыз. Аргасыздан Дооронбек агабыздын сөзү эске түшөт. Дооронбек Садырбаев - Кайран гана мурдуна бок сүйкөлгөн кыргыздар. Дагы да тарткылыгың алдыда...

Асылбек Жоодонбеков

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн