Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 20:27
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Биздин элге эмне жагат? Садыр Жапаров Жетим-Тоо боюнча кайрылуу жасады

14.08.2022 15:15
2829
Биздин элге эмне жагат? Садыр Жапаров Жетим-Тоо боюнча кайрылуу жасады

 Бүгүн, 14-августта президент Садыр Жапаров Жетим-Тоону иштетүү боюнча маселе карала элек экендигин билдирип, социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.


Президент Жетим-Тоо азырынча иштетилбей турганын, өздөрүн "баатыр" көрсөткөн адамдардын тобуна кайрылган.


Төмөндө Садыр Жапаровдун кайрылуусу өзгөртүүсүз берилди:


"Урматтуу кыргызстандыктар! 

Жакындан бери социалдык түйүндөрдү карасам, Жетим-Тоону "коргогучтар" болуп чыга келген жарандарыбыз элге кайрылуу кылып, өздөрүн “баатыр” көрсөтүп, элди "көтөрүлгүлө" деп чакырык жасап жатышыптыр. 

Ушундан улам элге толук маалымат берип коюуну туура көрдүм. 

Эсиңиздерде болсо, президенттик шайлоодо “Эгер Жетим-Тоону 100 пайыз өзүбүз иштете турган болсок, сырткы карызыбызды Жетим-Тоо эле жаап коет” деп айткан сөзүм бар. Бирок азыр Жетим-Тоону иштетели деген эч ким жок. 

Сырткы карызыбызды башка булактарыбыз менен эле жаап жатабыз жана жабабыз. 

Мындан ары күчүбүз жетет. 

Андан сырткары эмгек акы, пенсия, жөлөкпулдарды дагы көтөрө баштадык. 

“Кумтөр” мурда 5-6 миллиард салык төлөп келсе, “ай-иий ай, Кумтөр бизди багып атат” деп сүйүнүп, этегине намаз окуп келгенбиз. Былтыртан бери, керек болсо, 50-60 миллиард салык жана башка төлөмдөрдү төлөп келе жатат. Ошонун эсебинен эмгек акыларды, пенсия, жөлөкпулдарды көтөрүп жатабыз. 

Эгер Жетим-Тоону иштетип калсак, 100 пайыз өзүбүз иштетебиз. 

Бир пайыз эмес, бир муштум ташын эч кимге үлүш катары бербейбиз. 

Бирок бүгүн Жетим-Тоону иштетели деген даярдыгыбыз жок. 

Жөн гана геология иштерин жүргүзүп, запасын тактап койгула деген буйрук берилген. 

Союз мезгилинде болжол менен изилденген запасы бар экен. Бирок корунун так көлөмү жок болгондуктан, тактап коелу деп, Кыргызгеология кызматкерлери иш жүргүзүп жатышат. 

Тактап койсок, биз иштетпесек, келечек муун иштетет. 

Анан эле өздөрүн “баатыр” көрсөткүсү келип, "Жетим-Тоону экинчи Кумтөр кылбайбыз" деп кыйкырып чыгышкандарын кантейин деле. 

Эч нерсе боло электе эле билип-билбей, “Жетим-Тоону берип атышат” деп калп айтып, элдин башын айлантканды токтоткула. 

Айтпаса, адамдын жанын кашайтасыңар да. 

Ошол эле "Кумтөр" кетип жатканда, силер бийликте болчусунар. Болгондо да бийликтин эң чоң бутагы, мамлекеттин коопсуздугуна жооп берчү бийликтин башында олтургансыңар. Ошондо да "Кумтөрдү" кайра алмак түгүл, бир доллар штраф төлөтө алган эмессиңер. 

Азыр "Кумтөр" жүз пайыз өз элибизге өтүп, өмүрү эмгек акыга жарыбаган мамлекеттик кызматкерлерибиз жыргап олтурушат. Жолдор оңдолуп жатат. Мектептер салынып жатат. Дагы кандай иштер жүрүп жатканын силер көрбөй жатсаңар, жалпы эл көрүп турат. 

Эгер Жетим-Тоону иштетсек, мындан бетер эмгек акылар көбөйөт, экинчи "Кумтөр" болот, ошол эле Нарын облусунун, ошол эле Жетим-Тоонун тегерегинде жашаган элдердин турмушу оңолот. Инфрастуктурасы оңолуп, керек болсо, айылдарынын ичине чейин асфальт басылат. Бирок дагы бир жолу кайталап коеюн. Жетим-Тоону иштетебизби- жокпу, азырынча чечим кабыл алына элек. Иштете турган болсок эл менен макулдашып, анан 100 пайыз өзүбүз иштетебиз. Эл "жок" десе, анда - жок. 

Бирок бир нерсени унутпагыла. “Алма быш – оозума түш, мени бекер эле "суф" деп байытып, турмушумду оңдоп жибер” деп жата берсек, асмандан бирөө каражат бербейт. Мектептер салынбайт. Жолдор оңдолбойт. Эмгек акылар көтөрүлбөйт. Инфраструктураларыбыз оңолбойт. Кыскасы, өнүкпөйбүз. Бир нерсе кылайын десек эле, “муну кылба, тигини кылба, туризм менен эле өнүгөбүз” деп чыгышат. Туризмди өнүктүрөйүн десең, “баланча өлкөнүн кишилери басып кетти, кокуй киргизбегиле” деп чыгышат. Деги биздин элге “эмне жагат?” деген суроо бергиң келет. 

Мындан ары мен президент болуп турган убакта "Кумтөр", Жетим тоо жана башка ушул сыяктуу ири кендер эч кимге берилбейт. 

Мага чейин берилип кетип иштеп жаткан ири кендерге болсо мамлекеттин үлүшүн киргизебиз. Убакыт керек. 

Ошондуктан өздөрүн “баатыр” көрсөткүсү келип жаткан “лжепатриоттор!”, Жетим-Тоону бирөөлөргө берген жатат деп, калп айтып, элдин башын жөнү жок айлантпагыла. 

Тартип сактоо оргондары, ушундай арам ою бар “лжепатриоттор”, калпычылар менен тартипке чакыруу иштерин алып баргыла. Эмне үчүн элге туура эмес маалыматтарды таратып жатышат?

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Усупов Саламат
Урматтуу Садыр Жапаров! Ишиңизди уланта бериңиз алар аз биз копбуз.
Тилек Шеримбеков
Эң туура, жанагы жетим тоого тийбегиле деп элди козуткан паникёрлорго чара көрүлсө болот эле, АЛЛАХЫМ берген байлыкты элдин пайдасына иштелсин да ошого тийбе деп жүрүп бул дүйнөдөн деле өтүп кетебиз бирок качандыр бир кезде аны казып иштеткен муун эл келет.
Эрмек
Эн туура Ажонун айтканына 100пайыз колдойм