Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Болот Темиров өзүнө тагылган айыпты четке какты

22.04.2022 16:21
450
Болот Темиров өзүнө тагылган айыпты четке какты



 Журналист, Temirov Live редакциясынын директору Болот Темиров кыргызстандыктарга чукул кайрылуу жасады.


Анда Темиров 16 жыл мурда болгон окуяларга кайрылып, Ички иштер министрлиги козгогон кылмыш ишин "абсурд жана соттук келечеги жок" деп атаган.


"Мен ата-энеме жакшы билим бергени үчүн ыраазымын. Мектепти Москвада аяктагам, Москва мамлекеттик университетин бүтүргөм. Орусиянын илимдер академиясында аспирантурада окугам. Орусияда иштегенге бардык мүмкүнчүлүгүм бар болчу. Бирок орусиялык досторумдан "Орусияда эмне кылып жүрөсүң, мекениң каякта?" деген сөздү көп укчумун. 2006-жылы мекеним - Кыргызстан болот деп биротоло чечкем", - деген Темиров жарандыгы боюнча юристтер кошумча маалымат бере турганын кошумчалаган.


Булак: "Азаттык"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн