Бугу 14, 2024
Убакыт: 00:26
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Болот Темировду сабаган балдарды сот эркиндикке бошотту

30.12.2020 13:24
562
Болот Темировду сабаган балдарды сот эркиндикке бошотту

Бүгүн, 30-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Болот Темировго кол салуу боюнча сот өкүмүн чыгарды.


Эскерте кетсек, 2020-жылдын 9-январында саат 12:30 чамасында “Factcheck.kgнин” башкы редактору Болот Темиров сабалган. Ага редакциясынын жанында белгисиз төрт адам кол салган. Алар телефонду тартып алышкан, бирок Темиров дароо эле алардын тоноо максаты жок экендигин билдирген. Темиров кол салууну журналисттик ишмердүүлүгү менен байланыштырган.


Сот төрт кол салуучуну тең мамлекеттин пайдасына ар бири 50 миң айып пул жана эки жарым жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Бирок, мунапыс колдонулуп, сот соттолгондорду бошотту.


Белгилей кетсек, сот мунапысты Темировдун каршы арызынын негизинде колдонгон.


Тилекке каршы, тергөө учурунда буйрутма берген адамдын аты-жөнү аныкталган жок. Кол салгандар 11 ай СИЗОдо отурушкан, ошондуктан алар буга чейин жетиштүү жазасын алышты”, – деп белгилеген журналист Темиров.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
БЕК
2020Ж КЕЛЕ ЕЛЕК ГО
Мирбек
Сен 2019-жылда жашап жатасынбы?