Бугу 18, 2024
Убакыт: 15:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Болот Темировдун паспорту жараксыз деп табылды

18.05.2022 09:17
428
Болот Темировдун паспорту жараксыз деп табылды

 Журналист Болот Темиров бүгүнкү күндө өзү колдонуп жүргөн паспорту жараксыз деп мамлекеттик каттоо кызматын базасына киргизилгенин билдирди. Анын айтымында, мындай чечим милициянын тергөөчүсүнүн чечими менен кабыл алынган. 

 

“Менин ишим сотто экенине карабастан, тергөөчү ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланып, менин паспортумду жараксыз деп чечим чыгарып коюптур. Жободо андай деп каралган эмес. Тергөөчүнүн өз алдынча андай чечим кабыл алууга укугу жок. Азырынча бул боюнча түшүндүрмө берише элек. Биз прокуратурага кайрылдык”,- деди Болот Темиров. 

 

Эскерте кетсек,  Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы бул боюнча толук такталгандан кийин маалымат берерин кабарлады. 

 

20-апрелде Болот Темировго карата Жазык кодексинин 379-беренеси ("Документ жасалмалоо"), 378-беренеси ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") боюнча эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Журналист муну ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөгөн. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн