Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 20:09
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Болотбек Шамшиев менен Арстанбек Дүйшеевге "КРнын Баатыры" эң жогорку даражадагы наам ыйгарылды

01.09.2022 11:18
545
Болотбек Шамшиев менен Арстанбек Дүйшеевге "КРнын Баатыры" эң жогорку даражадагы наам ыйгарылды

Кинорежиссер Болотбек Шамшиевге каза болгондон кийин «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды.  


Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы кинорежиссер, сценарист Шамшиев Болотбек Төлөновичке ыйгарылды (каза болгондон кийин).


Ошондой эле, мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Арстанбек Дүйшеевге ыйгарылды (каза болгондон кийин).


Тийиштүү Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн