Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:27
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Бообек Ажикеев Ысык-Көлдө селдин кесепеттерин жоюу иштерин жеринде көзөмөлдөөдө

13.08.2024 15:39
316
Бообек Ажикеев Ысык-Көлдө селдин кесепеттерин жоюу иштерин жеринде көзөмөлдөөдө


Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Ысык-Көл районунда селдин кесепеттерин жоюу жумуштарын жеринде жеке көзөмөлүнө алууда.

Ведомстводон маалымдашкандай, Чолпон-Ата шаарында акыркы 3 күндүн ичинде эле нөшөрлүү жааган жаандан улам 2 жолу сел жүрдү.

Кокту-колоттордон келген сел суулары сел өтүүчү Тогуз-Булак жана Жүдөмүш каналдарынан ашкан. Ошондой эле Бактуу-Долонотуу, Четки-Долонотуу дарыяларынын суусунун көлөмү көтөрүлгөн. Натыйжада эки күн ичинде 70ке жакын турак үйдүн короосуна суу кирип, Рух-Ордо маданий борборун каптаган.

Селдин кесепеттерин ыкчам жоюу жана толук көзөмөлгө алуу максатында министр куткаруучулар менен бирге жеринде иш алып барууда. Аймакта ӨКМдин 155 куткаруучусу, шаар мэриясынын 60 жумушчусу, жарандык коргонуу жана жергиликтуу тургундардан 52 адам, 15 инженердик техника 2 өрт өчүруучу унаа, 2 мотопомпа тартылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн