Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев мурдагы Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин жакындарына көңүл айтты.
"Генерал-лейтенант Молдомуса Конгантиевдин мезгилсиз дүйнө салганын кайгырып, айласыз кабыл алып отурабыз. Жакындарына терен көңүл айтып, аза кайгыны тең бөлүшөбүз...",- деп айтылат Ажикеевдин билдирүүсүндө.
Эске салсак, 12-февраль күнү мурдагы Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев 63 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн