Бүгүн, 26-январда саат 12:00дөр чамасында Боом капчыгайында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 126-чакырымында “Хово” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа бетон тосмону сүзгөн.
Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, алдын ала маалымат боюнча, 36 жаштагы К.Т. аттуу айдоочу уктап кеткен.
Кырсыктын кесепетинен унаанын 37 жаштагы жүргүнчүсү каза болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн