Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:45
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Борбор калаадан чыгуучу көчөлөргө блокпосттор коюлат

07.07.2022 11:13
616
Борбор калаадан чыгуучу көчөлөргө блокпосттор коюлат


Бүгүн түштөн кийин шаардан чыгуучу чоң көчөлөрдө атайын блокпосттор орнотулуп, өспүрүмдөр менен бара жаткан унаалар текшерилет. Бул туурасында Бишкектин Кайгуул милиция кызматы кабарлады.

Азыркы учурда борбор калаанын дээрлик бардык мектептеринде 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн аттестат алуу аземи өтүп жатат.

Ушуга байланыштуу кайгуул кызматкерлери ар бир мектепте коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чараларын көрүүгө киришти. Ошондой эле өспүрүмдөр катышкан кылмыштарга, укук бузууларга, ичкилик, баңгилик өңдүү ар кандай терс көрүнүштөргө жол бербөө боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Андан сырткары, бүтүрүүчүлөр иш-чара бүткөндөн кийин ата-энелеринин жана улуу кишилердин коштоосу жок өз алдынча тоого же эс алуучу жайларга чыгып кетпеши көзөмөлдөнөт.

Кайгуул милиция ата-энелерге да кайрылып, балдарын тыкыр көзөмөлдөп турууга чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн