Бугу 02, 2024
Убакыт: 12:12
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Борбор калаанын Магистраль көчөсү оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат

16.08.2021 19:39
557
Борбор калаанын Магистраль көчөсү оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат


Бишкекте Магистраль көчөсү оӊдоо үчүн жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынан билдиргендей, 17-августтан тартып Магистраль көчөсүнүн Садырбаевден Кырманга чейинки бөлүгү оӊдоо үчүн жабылат.

Маалыматка ылайык, көчөнүн узундугу 560 метр, жолдун туурасы 8 метрди түзөт.

Оӊдоо иштери башталаардын алдында тоскоолдук жараткан 16 телефон мамысы алынат. Ошондой эле көчөнүн бир жагына ирригация тармагы, экинчи жагына жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөк салынат.

Бишкек мэриясы шаар тургундарын тыгындарды алдын алуу үчүн унаа менен жүрүү маршрутун алдын ала пландаштырууну суранат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн