Аяк оона 28, 2024
Убакыт: 15:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Буга чейин президенттин администрациясында иштеген Тимур Мадяров Баткен облусунун башчысынын орун басары болуп дайындалды

12.05.2022 14:52
838
Буга чейин президенттин администрациясында иштеген Тимур Мадяров Баткен облусунун башчысынын орун басары болуп дайындалды



КР Министрлер кабинетинин төрагасынын буйругунун негизинде КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматына Мадяров Тимур Мысырович дайындалды.


Тимур Мадяров 1978-жылы 20-июлда Чүй облусунун Москва районунун Предтеченка айылында туулган.


Жогорку билимдүү: 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин “юриспруденция” адистигин бүтүргөн.


Атайын наамы - Финансы полициясынын полковниги

Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы класстык чендеги кеңешчиси


Эмгек жолу:

- 2000-2008-жылдары финансы (салык) полициясында ар кандай оперативдүү-тергөө жетекчилик кызматтарда кызмат өтөгөн: тергөө башкармалыгынын (КР СФП) начальниги


-2008-2010-ж. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы – эксперт


2010-2015-жылдары Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы - төраганын аппарат жетекчиси; эл аралык кызматташтык кызматынын жетекчиси; Штабдын начальниги


2015-2018-жылдары - Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) - Ыкчам башкармалыгынын начальниги; Штабдын начальниги


2018-2020-жылдары - «Айыл Банк» ААК - аудитор; комплаенс кызматкери


2020-2021 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, чек ара маселелери боюнча атайын өкүлчүлүгүнүн катчылыгынын эксперти


2021-2022-жылдары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, региондорду өнүктүрүү секторунун башчысы; Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгынын инспектору


2022-жылдын 27-апрелинен баштап Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн