Бүгүн, 2-августта саат 16:00дө Төө-Ашуу ашуусундагы тоннелди оңдоо иштерине байланыштуу коюлган чектөө алынат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эми министр Тилек Текебаевдин тапшырмасы менен фасадын көрктөндүрүү иштери башталат, ал учурда эч кандай чектөөлөр коюлбайт.
Белгилей кетсек, буга чейин Транспорт министрлиги туннелди оңдоо иштери 6-августка чейин созула турганын, бирок иштер мөөнөтүнөн мурда аяктаганын маалымдаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн