Бугу 15, 2024
Убакыт: 21:03
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Бүгүн бишкектиктер толугу менен ысык суу жана жылуулук менен камсыз болот

06.02.2024 14:28
207
Бүгүн бишкектиктер толугу менен ысык суу жана жылуулук менен камсыз болот


Бүгүн Бишкектин бардык тургундары жылуулук жана ысык суу менен камсыз болот. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынын директору Уран Раимбеков "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.


"Ысык сууну туташтыруу — бул технологиялык процесс, ал убакытты талап кылат. Жылуулук бардык үйлөргө кошулган. Кечке чейин ысык суу беребиз. Суу бир учурда бардык үйгө келбей калышы мүмкүн. Бул жылытуу мезгилинин башталышындай эле, андыктан ысык сууну жөнгө салуу иштери болжол менен 10 күнгө созулат", — деген ал.


Эске салсак, 2024-жылдын 2-февралында Бишкек ЖЭБинде жарылуу болуп, анын кесепетинен калаадагы 60 миңге чукул батир ысык суусуз жана жылуулуксуз калган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн