Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:23
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бүгүндөн тарта милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштей баштайт

30.04.2022 13:40
490
Бүгүндөн тарта милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштей баштайт

Коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында милициянын өздүк курамы 30-апрелден 10-майга чейин кызмат өтөөнүн күчөтүлгөн тартибине өтүшөт. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Милиция майрам учурунда адамдардын коопсуз эс алуусу үчүн бардык зарыл чараларды көрөт. Милиция кызматкерлери мыйзам чегинде иш алып барууга, жарандардын укуктарын коргоого, укук бузуулар аныкталган учурда ээлеген кызматына жана абалына карабастан ар бир адамды жоопкерчиликке тартууга милдеттүү.


Мындан тышкары, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери жол кыймылынын эрежелерин сактоого көзөмөлдү күчөтүшөт. Мас абалындагы айдоочуларга же айдоочулук күбөлүгү жок транспорт каражаттарын башкаруучуларга көбүрөөк көңүл бурулат.


“Шектүү жарандарды байкаган же ээсиз буюмдар табылган учурда бул тууралуу ички иштер органдарына “102” телефону боюнча токтоосуз маалымдоону өтүнөбүз. Милиция кызматкерлери Кыргызстандын жашоочулары үчүн май айындагы майрамдарды кырсыксыз өткөрүү үчүн бардык чараларды көрүшөт”, - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн