Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 00:48
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бүгүнкү кошоматчылар эртеңки саткындар. Чыңгыз Айдарбеков комитеттин төрагалыгынан кетүүгө даяр экенин билдирди

19.10.2022 10:43
583
Бүгүнкү кошоматчылар эртеңки саткындар. Чыңгыз Айдарбеков комитеттин төрагалыгынан кетүүгө даяр экенин билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты,Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков  бүгүн, 19-октябрда парламенттин жыйынында өткөн аптада кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап берүүгө чакырылгандыгын, бирок документтердин долбоорун колуна албагандыгын билдирди.


"Өткөн жумада биз Министрлер кабинети менен бирге кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча маалыматты угуп, талкууладык.

Мен бардык иш-аракеттерди регламентке ылайык алып бардым. 

Биз көрбөгөн документтерге мен кантип кол коём? Чек ара маселеси өтө аяр маселе. Баарыбызга өлкөнүн бүтүндүгү керек",- деди Айдарбеков.


Ошондой эле ал чек ара маселесин чечүүдө өтө кылдат иш алып баруу керектигин белгиледи. Ал комитеттин төрагалыгынан өз ыктыяры менен кете турагандыгын айтып, арыз жазууга даяр экендигин билдирди.


Мындан сырткары ал кечээ аткаруу бийликтин өкүлү аны негизсиз каралап жатканын сынга алды.


Чыңгыз Айдарбеков кечээ президент Садыр Жапаров менен жолукканын маалымдап, анын чек ара маселесин жалпы өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн чече тургандыгына ишенимин билдирип, жалпы депутаттарды кайдыгер болбоого чакырды.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Бек
Азамат