Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 05:42
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Бул жолу Бишкекте. Дагы кооперативдин негиздөөчүсү кармалды

Бул жолу Бишкекте. Дагы кооперативдин негиздөөчүсү кармалды


"Белый дом Кейжи" ЖЧК коммерциялык эмес кооперативинин негиздөөчүсү алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.


РИИБдин маалыматына ылайык, 10-март күнү К.Т милиция кызматкерлерине кайрылып, ал А.Т.га 369,6 миң сом акча каражатын «Белый дом Кейжи» ЖЧКсынын негиздөөчүсүнө бергендигин айткан. Ал ага 679,2 миң сомдук автоунаа жана кыймылсыз мүлк алып берүүнү убада кылган.


Бирок акчаны алгандан кийин убадасын аткарбай, дайынсыз жоголгон.


Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү 1986-жылы туулган А.Т кармалган. Ал Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Тергөө иштери уланып, анын ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталууда.


Милиция кармалган жарандын аракетинен жабыркагандарды 0774 97 61 57, 102 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн