Бугу 04, 2024
Убакыт: 14:28
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бүргөндүдө жайгашкан газ сактоочу кампа калыбына келтирилет

12.04.2023 13:35
459
Бүргөндүдө жайгашкан газ сактоочу кампа калыбына келтирилет

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Бүргөндү аймагында жайгашкан газ сактоочу кампа калыбына келтирилет. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.


Аталган газ кампаны Кыргызстан менен Өзбекстан биргелешип пайдаланышы мүмкүн. Бул маселе эки өлкөнүн ведомстволор аралык жумушчу топторунун 10-апрелде Кадамжай районунда өткөн жолугушуусунда талкууланган.


Жолугушууга кыргыз тараптан энергетика министринин орун басары Таалайбек Толубаев, КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев, «Кыргызтранснефтегаз» мамлекеттик мекемесинин директору Сүйүнтбек Аликеев баштаган жумушчу топ катышты.


Белгилей кетсек, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик визитинин алкагында эки өлкөнүнүн Энергетика министрликтери Кыргызстандын менчигинде турган газ кампаны пайдалануу мүмкүнчүлүгүн изилдөө, калыбына келтирүү долбоорун даярдоо боюнча документке кол коюшкан.


Баткен облусунун Бүргөндү массивиндеги жер астындагы газ кампа Кыргызстандын Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызтранснефтегаз» мамлекеттик мекемесинин карамагында.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн