Бугу 17, 2024
Убакыт: 18:30
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бурул Аманова, жеке ишкер: “Өлкөмдүн өнүгүшүнө аз да болсо салымымды кошуп жатканыма сыймыктанам”

11.08.2020 17:52
2798
Бурул Аманова, жеке ишкер: “Өлкөмдүн өнүгүшүнө аз да болсо салымымды кошуп жатканыма сыймыктанам”


Аялзатынын үйүнүн коломтосун өчүрбөй балдарды тарбиялоо менен алек болуп үйдө болушу өткөн чак болуп узап баратат. Азыркы заманбап айымдар баарына жетишет: эркектер менен теңтайлашып бизнесте аларга атаандаш боло алышат, ошол эле учурда аялдык назиктигин, энелик мээримин сактап үйдүн куту боло алышат. Жеке ишкер Бурул Аманова дал ушундай күчтүү айымдардын сап башында.

 

- Бурул эже, жалпы элдин башына оор сыноо түшүп турган кезде мейманканаларыңызды обсервацияга берип көпчүлүктүн жүрөгүн жылыттыңыз. Кайрымдуулук кылуу сиздин ишкерлигиңиздин бир бөлүгүбү?


- Мен өктөм сүйлөп, сыртымдан катуудай көрүнгөнүм менен жүрөгүм абдан жумшак. Боорукермин. Жашоомдо бирөөнүн кайгысына же болбосо чөйрөдө болуп жаткан терс көрүнүштөргө сырттан карап тура албайм.  Андыктан кайрымдуулук биздин үй-бүлөлүк бизнесибиздин бир бөлүгү болуп калган. Көпчүлүк ишкерлер сыяктуу эле кирешебиздин ондон бир бөлүгүн кайрымдуулукка жумшайбыз. Бул жолу да пандемия башталгандан эле эл үчүн сарсанаа болуп жаттым. Өлкөбүздө  кырдаал курчуп, ооруканаларда орун жетишсиз болуп жатканда элибиз үчүн мейманкана кызмат кылсын деп үй-бүлөбүз менен сүйлөшүп, ушул чечимге келдик.


- Кеткен чыгымдар бүт өзүңүздөрдүн эсебиңиздерден болуп жатты да э?


- Алгач беш кабаттуу мейманкана бүт толду. Акыркы күндөрү жетөө калган экен, жакында эле кетишти. Бир ай бою аларды тейлөө, коммуналдык төлөмдөр, биздин кызматкерлердин айлыктары бүт өзүбүздүн эсебибизден болуп жатты. Башында  тамак-аштарын да даярдап берип жаттык, анан достор, туугандар, ыктыярчылар тарабынан колдоого алынып кетти. Өзгөчө белгилеп кетчү нерсе, соцтармак колдонуучулары Гүлжамал Исаева, Кубанычбек Кудайкуловдор акчалай да жардам көрсөтүштү. Элибизге ушундай учурда жардам колун сунбаганда качан сунабыз? Кандай гана жакшылык кылба, Кудай тарабынан он эселеп кайтарына мен абдан ишенем, муну өзүм көрүп жүрөм. Мындай сооп иштеринен биз ырахат гана алабыз.


- Ошондо мейманканасы бар башка ишкерлерге да чакырык таштадыңыз эле. Сиздин саамалыкты уланткандар болдубу?


- Ооба, бизди көрүп дароо эле каршыбыздагы мейманкананы кожоюну обсервацияга берди. Андан кийин башкалар да берип жатышты. “Силер ушундай кылган турбайсыңарбы, биз дагы бергенге даярбыз” деп Оштогу мейманканаларын өзүбүздүн эле тааныштарыбыз берип жатышты. Негизи ушундай уюшкандык башынан эле болгондо мамлекеттин бюджетине бир топ үнөм болмок жана илдеттин таркашына мынчалык жол бербейт элек.


- Сиздердин ишкерлигиңиздер эмнеден башталды эле?


- Биздин ишибиздин башаты тээ 93-жылдарда башталган. Жолдошум экөөбүз Магнитогорск шаарындагы окуу жайдан орус филологиясы факультетин бүткөнбүз. Расул менден бир курс жогору окучу. Экөөбүз ошол жактан таанышып, табышып, анан акыркы курстарда каникулга келгенде баш кошконбуз. Жолдошум ошол жылдары эле ишкерликти баштаган. Кыргызстанга бир келгенде бал ала барыптыр. Башка эмес, дал ушул балдан баштаганыбыз жакшы болгон экен деп азыр жакшылыкка жоруп коём. Бал таттуу, адамдар ырахаттанып жей турган азык эмеспи. Анын кирешеси да “таттуу” болду. Чоң-чоң ишканалардын жетекчилери менен сүйлөшүп алып фойелерине туруп өзүбүз сатчубуз. Анын пайдасын жакшы билген орустар тез эле талап кетишчу. Мээнет менен эмгек кылган аракетибиз ак экен, туура бир жылдан кийин Орусиядан эки бөлмөлүү батир сатып алдык. Андан кийин бизнестин түрүн кылдык. Кандай иш баштабайлы баары ийгиликтүү болуп, аарынын уюгундай болуп улам чоңоюп кете берди.


-  Бизнесте мындай ийгилик жаратууда сизге кандай сапаттарыңыз жардам берди?


- Мен ойлойм, кайсы бир иште ийгиликке жетүү үчүн биринчи кезекте коркпош керек. Тобокелчиликке барууга туура келет. Менде ушундай чечкиндүүлүк бар.


- Тобокелчилик кээде банкротко учуроого да жеткирет эмеспи. Сиздердин иш тажрыйбаңыздарда мындай учурлар болдубу?


- Албетте. Бизнес банкротсуз болчу беле. Ал учурду татыктуу жеңе билүү, жыгылган жерден кайра тура билүү да бизнестеги чоң сапаттардын бири. Биз ишкерликти баштаган алгачкы жылдары бул тармакта рэкетчилик өнүгүп турган учур эле. Алар менен теңтайлашууга мүмкүн эмес. Өтө бош келсең да болбойт. Тилин таап, ар кандай кырдаалдан чыгып кете алсаң гана ишиң алдыга жылат. Азыр жакшы болуп калбадыбы, баары мыйзам чегинде. Кийим-кече менен иштеп жүргөн кезде чоң кампа күйүп кеткен. Мына ушундай сыноолордон татыктуу өтүп, өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен баарын нөлдөн кайра баштаганбыз.


- Азыр ишкерлигиңиздердин негизги бутагы отелдик бизнес экен. Эмне үчүн бул тармакты тандап алдыңыздар эле?


- Орусияда 2006-жылга чейин жашап, иштедик. Акыркы жылдары ал жакта кийим-кече менен иш кылчубуз. Түркиядан, Кытайдан, Дубайдан товар алып келип кийим саткан он чакты дүкөнүбүз бар эле. Мекенге болгон сүйүү бизди бир нукка түшүп калган бизнесибизди жана түптөлүп калган жашоо-тирилигибизди токтотуп, бул жакка кайтууга мажбур кылды. Бул чечим онойго турбады. Бирок бул жактан кайра эле ошол бизнести улантпай, жаңы тармактан иш баштагыбыз келчү. Тигил же бул тармакка токтоло албай жүргөн күндөрүбүздүн биринде командировкага баратып аэропортто рейс күтүп отуруп бир китеп колума тийип калды. Кайсыл жерден болбосун китеп көрсөм баса калып окумай адатым башынан эле бар. Ошол китепте “Фор Сизонс” деген дүйнөлүк отелдер тармагынын тарыхы жазылыптыр. Анын негиздөөчүсү Айседор Шарптын кандай тепкичтерди басып өтүп ушундай ийгиликке жетишкендиги тууралуу абдан кызыктуу сүрөттөлүптүр. Ал китепке ушунчалык берилип кеткен экенмин, окуп жатып Кыргызстандын келечегиндеги  өнүккөн отель бизнеси көз алдыма элестелип турду. Отель ачуу идеясы ушундан улам келген.


- Анан бул идеяңыз да адаттагыдай эле ийгиликтүү ишке аштыбы?


- Бир топ тоскоолдуктардан кийин жер тилкесин сатып алып, долбоорун даярдап, анан курулушту баштадык. Орусиядагы бизнестерди кыскартып, ал жактагы капиталды Кыргызстанга көчүрө баштадык. Алгач келгенде балдарыбыз тургай өзүбүз да көнө албай кызыктай болуп жүрдүк. Бирок тез эле көнүп кеттик. Азыр шаарыбызды абдан сүйөбүз. Убагында келе бергенибизге өзүбүзгө-өзүбүз ыраазыбыз. Бизге окшогондорду ички инвесторлор дешет го, мен ошолордун катарына кошулуп, өлкөмдүн экономикасынын өнүгүшүнө аз да болсо салымымды кошуп жатканым үчүн сыймыктанам.


- Балдарыңыздар да сиздердин изиңиздер менен кетип баратышабы?


- Улуу балабыз 25ке чыкты. Ал жогорку окуу жайын ийгиликтүү аяктады. Учурда эл аралык бир уюмда иштейт. Кызыбыз болсо Европада окуйт. Заманбап жаштардын жашоого болгон көз карашы, ойлору башкача го, атасы экөөбүзгө кеңеш, сунуштарын айтып, жардам берип турушат. Кичүү кызыбыз мектеп окуучусу. Балдарыбыздын баарын кичинесинен китепти көп окууга көндүргөнбүз. Белгилүү бир мөөнөт берип, ошол учурда мынча китеп окуйсуң деген тапшырма берип койчубуз. Китеп балдарыбыздын ар тараптуу өнүгүшүнө, тарбиясына чоң таасирин тийгизди. Анан балдарыбызды кайсыл жакта жүрбөсүн эне тилин унутпоого, аны туу тутууга үндөдүк. Азыр алар бизден көз карандысыз, биз ошону каалаганбыз.


Булак: Леди KG гезити, Айназик Раимкулова 

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Salaeva Jazgul
Soonun iwinizge iygilik eje