Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 12:47
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Чаткалда алтын иштеткен фабриканын кампасы жарылып, дарыяга уулуу зат кошулганбы?

24.01.2021 08:34
834
Чаткалда алтын иштеткен фабриканын кампасы жарылып, дарыяга уулуу зат кошулганбы?

Чаткалда алтын иштеткен фабриканын кампасы жарылып, дарыяга уулуу зат кошулду  деген маалымат тарады. Бул тууралуу жергиликтүүлөрдүн тарткан видеолору социалдык тармактарга тараган. 

Маалыматка ылайык окуя 23-январда саат 15:00, 16:00 чамаларында болгон.


Жергиликтүүлөр дарыя суусун ичпей тургула, сууга цианид кошулуп кетти, дамба жарылып кетти деген тасмаларды тараткан.

Буга байланыштуу Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Болот Ашырбаев дарыяга цианид кошулбаганын, атайын курулган дамба ачылып кеткенин билдирди.


"Дарыяга кошулган затта кандайдыр бир химикат болушу мүмкүн эмес. Биз Терек-Сай жана Ынтымак айыл тургундарына дарыядан суу ичпей турууну эскерттик. Компания өзү да таза суу таратып жатат.",- дейт ал.


Жалал-Абад облусунун Өзгөчө кырдаалдар башкармасынын башчысы Абдулнасир Исаев да маалытты тастыктап, азыркы учурда дарыяга кошулбай калаганын айтты.


"Бул цианид эмес. Көмүр калдыктары дарыяга кошулуп жаткан. Эртең тиешелүү экспертизалар жүргүзүлөт",- деди Исаев.


Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары жана "Кыргызалтын" ишканасы тиешеси экспертиза жүргүзүлөрүн белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн