Бугу 18, 2024
Убакыт: 12:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Чаткалда кар көчкү жүрүп, "Вертекс Голд" компаниясынын эки кызматкерин басып калган

Чаткалда кар көчкү жүрүп, "Вертекс Голд" компаниясынын эки кызматкерин басып калган

21-январда Чаткал районунун Ала-Бука-Жаны-Базар-Кировка унаа жолунун 203- чакырымында кар көчкү жүрүп, "Вертек Голд" компаниясынын эки кызматкерин басып калган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.


   Чаткал районунун Ала-Бука-Жаны-Базар-Кировка унаа жолунун 203- чакырымында, Жамгыр жана Мырзаш участкасынын орто чениндеги унаа жүрүүчү жолдо кар көчкү түшүү коркунучу жаралган жерлерге байкоо жүргүзүп жаткан эки жаранды капысынан чоң көлөмдөгү кар басып калып, жеринде каза болушкан.


Маалыматка ылайык, алар "Вертекс Голд" ЖАКынын 31жаштагы (А.Ж. уулу) жана 30 жаштагы (Ж.А.) аттуу кызматкерлери экени такталды.


Үрөй учурган кырсык болгон жерде дароо куткаруу иши жүрүп, КР ӨКМдин 5 куткаруучусу, "Вертекс Голд" компаниясынын 3 бирдик унаа жүктөгүчү, 2 эксковатор жана аталган ишкананын 120 кызматкери издөө жүргүзүшкөн.


Натыйжада, саат 17:30да Токтогул районунун тургуну А.Ж.уулунун жансыз денеси табылып, 1,5 саат убакыттан кийин Бишкек шаарынын тургуну Ж.А. аттуу жарандын сөөгү кар астынан алынып чыгарылган.


Учурда, каза болгон жарандардын сөөгү укук коргоо органына өткөрүлүп берилип, иликтөө иши уланууда.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн