Чаткал районунун Терек-Сай айылында 225 орундуу мектептин жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Күн мурун президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов мектептин жаңы имаратынын курулушуна капсула салды.
Иш-чарага район акими Алтынбек Сенирбаев, “Эти Бакыр Терексай” алтын өндүрүүчү компаниясынын жетекчиси Алип Тогай, жергиликтүү тургундар жана мугалимдер катышты.
Ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары айыл жашоочуларын жаңы мектептин курулушунун башталышы менен куттуктап, көп жылдан бери чечилбей келе жаткан меселе колго алынганын белгиледи. Ал ошондой эле жумушту сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүү зарылдыгын эскертти.
Жаңы типтүү мектеп “Эти Бакыр Терексай” алтын өндүрүүчү компаниясынын каржылоосу менен курулуп, 171 млн сом акча каражаты жумшалат.
Курулушту тендер аркылуу уткан “Авангард Констракшн” жоопкерчилиги чектелген коому аткарат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн