Чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Ак-Сай айылынын тургундары Тажикстан тарапка кетти деген болжол менен жоголгон эки жылкыны табууну талап кылышканы такталды. Айыл тургундары Ак-Сай - Ворух жолун тосушкан.
«Сүйлөшүүлөрдөн кийин кыргыз эли жолду ачып, азыр унаа кыймылы калыбына келтирилди. Тажикстандын укук коргоо органдары мал уурдоо фактысы боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатышат», - деп билдиришти элчиликтен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн