Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 02:11
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Чек ара: Ак: Сайда Тажикстандын аймагына өтүп кеткен уйлар кайтарылды

30.11.2022 18:29
584
Чек ара: Ак: Сайда Тажикстандын аймагына өтүп кеткен уйлар кайтарылды

Баткенде кароосуз калган калып, Тажикстандын аймагына өтүп кеткен 6 баш уй кожоюнуна кайтарылып берилди. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 27-ноябрда Ак-Сай айылынын тургуну 1972-жылы туулган Запарбек Жолдубаевдин 6 баш уйу табылбай жатканын айтып кайрылган.


Милиция кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзгөн учурда, уйлар Тажикстандын Исфара районунун Ворух аймагына өтүп кеткени тастыкталган.


"Милиция тарабынан көрүлгөн ыкчам чаралардын натыйжасында, 29-ноябрь күнү саат 20:30 чамасында Тажикстандын Исфара районунун Ворух РИИБдин милиция кызматкерлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, малдар ээсине кайра кайтарылып берилди", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн