Тогуздун айы 05, 2024
Убакыт: 14:25
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Чек ара: Баткен облустук соту тажик жарандарына чыккан өкүмдү жумшартты

07.12.2021 14:38
1016
Чек ара: Баткен облустук соту тажик жарандарына чыккан өкүмдү жумшартты

Баткен облустук соту Тажикстандын жарандарына карата чыккан өкүмдү жумшартты. Бул тууралуу 24.кг агенттиги өздүк булактарына таянып кабарлады.


Сөз апрель айында кыргыз-тажик чек арасындагы улут аралык кагылышууну козутууга шектелген Аскар Юнусов жана Абдурозик Каххаров тууралуу болуп жатат. Алар 28-30-апрелде чек арадагы келишпестикти ырбатууга шектелип кыргыз укук коргоо органдары тарабынан кармалган.


Райондук сот буга чейин аларды өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Ал эми облустук сот бул чечимди жокко чыгарып, аларды 20 жыл эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.


Эскерте кетсек, аталган окуяда Кыргызстандын 7 жараны тажик укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Алар оор беренелер боюнча соттолууда.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн