Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарда казылган окоптор кайра көмүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирди.
Эртеден бери коомчулукта, соцтармактарда кызуу талкууланып жаткан Тажикстан менен чектешкен аймактагы маселе сүйлөшүү аркылуу жөнгө салынды.
Акыркы алынган маалыматтар боюнча, эки тарап сүйлөшүүлөргө барып, казылган окоптор көмүлдү. Тиешелүү чаралар көрүлдү.
Абал тынч.
Кандай болгон күндө да эки элдин ынтымагы, биримдикке болгону баарыбызга маанилүү. Ошондуктан чек арада ок атылбасын, жерибизди душмандын буту баспасын! Чек ара маселеси эртерээк чечилсин.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн