Теке 06, 2024
Убакыт: 17:05
USD
85.70
86.60
EUR
92.60
93.60
RUB
0.955
1.000

Чек ара: Тажик тарап жайлоого бара жаткан кыргыздарды кармап кеткен

17.05.2021 14:45
1462
Чек ара: Тажик тарап жайлоого бара жаткан кыргыздарды кармап кеткен

Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында 17-майда кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн жарандарын кармап алган окуя катталды.


Бул тууралуу  өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкерим Алимбаев маалымдады.


"Ак-Сай айылында Тажикстандын үч жаранын Кыргызстандын аймагындагы жолдо бара жатканда биздин атуулдар кармап алышыптыр. Ошол эле мезгилде тажик тарап дагы Тамдыктан Ворух менен келе жаткан Кыргызстандын үч жаранын кармап алышты. Окуя боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду. Укук коргоо органдары жана чек арачылар ошол жерде иштеп жатышат. Жарандарды чек арачылар кармаганбы же жергиликтүү айылдын элиби, кайсы документтердин негизинде кармап турушат, ушул суроолордун баарын териштирип жатабыз",- деди Алимбаев.


Ак-Сай айыл өкмөт башчысы Эркин Жолчиев да бул кабарды "Азаттыкка" ырастап, кыргызстандык жарандар Тамдыктан жайлоого "Портер" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен баратканда тажикстандыктар кармаганын айтты.


Тажикстандын Исфара районундагы тартип коргоо кызматкери эки тараптан кишилер кармалып турганын “Озоди” радиосуна ырастады. Анын айтымында, 17-майда эртең менен Кожайло-Ворух жолу аркылуу бараткан эки тажик жараны кыргыз айылында кармалган жана аларды бошотуу үчүн барган тажикстандык бир коопсуздук кызматкери да кармалган. Аны улай Ворухтагы укук коргоо кызматкери анклавдан өтүп өтүп бара жаткан кыргызстандык эки айдоочуну автоунаасы менен кармашкан.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн