Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 16:12
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Чек ара: Эки тарап ок атууну токтотуу боюнча макулдашты

28.01.2022 06:48
621
Чек ара: Эки тарап ок атууну токтотуу боюнча макулдашты

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча эки тараптуу жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.


Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды сүйлөшүү боюнча эки тараптуу жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга КР Президентинин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Кыргызстандын Баткен багыты боюнча чек ара өкүлү полковник Кыялбек Төлөнбаев, укук коргоо жана күч структураларынын жетекчилери менен биргеликте Тажикстандын Согдий облусунун губернатору Раджаббай Ахмадзода, тажик тараптын чек ара өкүлү генерал-майор Х.Пиракзода жана Тажикстандын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты. Эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгында төмөндөгүдөй келишимдерге макулдашылды; 


-ок атууну токтотуу;  

-эки тараптын чек арага тартылган кошумча күч жана каражаттарын мурдагы жайгашкан жерлерине алып кетүү;  

-Баткен-Исфана авто жол каттамын ачуу;  

-чыр-чатактардын күчөп кетпөөсүн алдын алып, чектеш аймактарда Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери биргеликте кайгуул уюштуруу.  


Эки өлкөнүн делегациялары чыр-чатак орун алган Төрт-Көчө жерлигине келишти. Баткен-Исфана авто жол каттамында тоскоолдуксуз каттамдар жүргүзүлүүдө. 

Эки тараптуу жолугушуу эртең дагы улантылат. 

 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн