1-июнда Баткен районунун Чек ара кызматында болуп өткөн окуядан экинчи чек арачы көз жумду. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
Чек ара кызматынын айтымында, бул кызмат учурунда курал менен этиятсыз мамиле кылуунун негизинде болгон.
Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканы кабарланды.
Эске салсак, 1-июнь күнү Баткен облусунун Баткен районунун Паскы-Арык айылында бир чек арачы куралды этиятсыз пайдалангандыгынын натыйжасында каза болгон. Ал эми экинчи жоокер жаракат алган болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн